Информационное сообщение – амнистия

          Уважаемые граждане Кыргызской Республики!
          Посольство Кыргызской Республики в Российской Федерации сообщает, что в рамках реализации кыргызско-российских договоренностей, достигнутых на уровне Глав двух государств, российской стороной приняты решения о предоставлении преференций в отношении отдельных категорий граждан Кыргызской Республики, в частности, о выводе из «черного списка» лиц, которым закрыт въезд на территорию Российской Федерации, а также возможности легализации граждан Кыргызской Республики, которые находятся в Российской Федерации с нарушением миграционного законодательства.
         С начала ноября 2018 года компетентные органы Российской Федерации намерены снять запрет в отношении граждан Кыргызской Республики, которым не разрешен въезд на территорию РФ в соответствии с пунктами 4 и 8 статьи 26 Федерального закона РФ №114-ФЗ «О порядке выезда из Российской Федерации и въезда в Российскую Федерацию».
         Таким образом, из «черного списка» будут исключены граждане Кыргызской Республики, неоднократно (два и более раза) в течение 3-х лет привлекавшиеся к административной ответственности за совершение административного правонарушения на территории Российской Федерации (пункт 4 ст. 26 ФЗ № 114), а также, граждане Кыргызской Республики, которые в период своего предыдущего пребывания в Российской Федерации не выехали до истечения 30-ти суток со дня окончания срока временного пребывания (пункт 8 ст. 26 ФЗ № 114).
         Следовательно, граждане Кыргызской Республики, которым был закрыт въезд в Российскую Федерацию по вышеуказанным пунктам Федерального закона, могут с начала ноября 2018 года въехать на территорию России, предварительно проверив себя в онлайн режиме по базе данных на сайте МВД РФ.
         Кроме этого, с 16 октября по 10 декабря 2018 г. гражданам Кыргызской Республики, нарушившим миграционное законодательство России (например, нарушение сроков пребывания или совершение административных правонарушений небольшой тяжести), но продолжающим нелегально пребывать на территории Российской Федерации предоставляется возможность беспрепятственно выехать за пределы России в течение указанного периода времени (55 календарных дней), т.е. без привлечения к административной ответственности и включения в «черный список». Въехать обратно на территорию России возможно в любые сроки. Тем самым гражданам Кыргызской Республики предоставляется возможность легализовать свое пребывание в Российской Федерации. После въезда на территорию Российской Федерации гражданам Кыргызской Республики необходимо в течение 30-ти дней встать на миграционный учет в установленном порядке.
         Вместе с тем, вышеуказанное решение российской стороны не распространяется на граждан Кыргызской Республики:
         – внесенных в «черный список» решением судебных органов России, в том числе, в отношении которых было принято судебное решение РФ о выдворении путем контролируемого самостоятельного выезда (не исполнившие судебные решения и не выехавшие из РФ);
         – лиц, находящихся в розыске;
         – гражданам Кыргызской Республики, которым запрет на въезд в Россию наложен в соответствии со ст. 27 Федерального закона РФ №114 «О порядке выезда из РФ и въезда в РФ».
        По фактам необоснованного воспрепятствования пересечения государственной границы Российской Федерации в рамках данной «миграционной амнистии», просим незамедлительно обращаться в Посольство КР в России, в представительство Государственной службы миграции КР в России или в консульские учреждения КР в городах Владивосток, Воронеж, Екатеринбург, Красноярск, Краснодар, Новосибирск, Оренбург, Санкт-Петербург, Томск, Уфа, Хабаровск и Южно-Сахалинск.
         Уважаемые граждане Кыргызской Республики!
         Посольство КР в РФ отмечает, что по итогам аналогичной «миграционной амнистии» в 2015 году многие граждане Кыргызской Республики не воспользовались предоставленной возможностью.
         В связи с этим, Посольство убедительно просит максимально распространить данную информацию среди родственников, друзей и знакомых.
         Уважаемые граждане Кыргызской Республики!
         Необходимо обратить внимание, что данная «миграционная амнистия» носит единовременный характер и продлится лишь короткий промежуток времени. В этой связи, наряду с действиями предпринимаемыми Правительством Кыргызской Республики по оказанию помощи своим гражданам, обращаем внимание на необходимость соблюдения правил пребывания в Российской Федерации в последующем.

Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен турган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата “миграциялык амнистияны” жүргүзүү тууралуу маалыматтык кабар.

         Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,
         Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги КРнын жана РФнын мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-россиялык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында россия тарабы Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориясына миграциялык жеңилдик берүү чечими кабыл алынгандыгын билдирет.
         Россия Федерациясынын 1996-жылдын 15-августундагы №114-ФМ “Россия Федерациясынан чыгуу жана Россия Федерациясына кирүү тартиби жөнүндө” Федералдык Мыйзамынын 26-беренесинин 4 жана 8-пунктуларына ылайык Россиянын аймагынан чыгарылган КРнын жарандары үчүн РФнын аймагына кирүүгө тыюу салууну алып салуу (“кара тизмеден” чыгаруу).
         2018-жылдын ноябрь айынан тартып Россия Федерациясынын компетенттүү органдары Федералдык мыйзамдын жогоруда белгиленген пункттарына ылайык Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандарына карата аталган тыюу салууну алып салуу ниетин билдиришти.
         Ошентип, “кара тизмеден” бир нече жолу (эки же андан көп) акыркы 3 жыл ичинде Россия Федерациясында административдик укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча) КРнын жарандары, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында мурун турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган КРнын жарандары (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча).
         2018-жылдын ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн РФнын ИИМнин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, Россиянын аймагына кире берүүгө болот.
Ошондой эле Россиянын аймагында туруунун миграциялык мыйзамдарын бузган КРнын жарандарына карата (мисалы, РФнын аймагында туруу мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана оор эмес административдик укук бузгандар) “миграциялык амнистияны” жүргүзүү.
         Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, бирок мыйзамсыз түрдө Россиянын аймагында жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары (РФнын аймагында туруу мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана оор эмес административдик укук бузгандар) 2018-жылдын 16-октябрынан тартып 10-декабрына чейин (55 календардык күн ичинде) эч кандай тоскоолдуксуз “кара тизмеге киргизилбестен” жана административдик жоопкерчиликке тартылбастан, Россиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу. Россия Федерациясынын аймагына киргенден кийин бекитилген тартипте 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруулары зарыл.
         Ошону менен бирге, төмөндөгү КРнын жарандары бул жеңилдиктерден пайдалана алышпайт:
         – Россиянын сот органдары тарабынан өз алдынча чыгууну көзөмөлгө алуу жолу менен РФнын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);
         – укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;
         – “РФсына кирүү жана РФнан чыгуу тартиби жөнүндө” №114-Федералдык Мыйзамдын 27-беренесинин негизинде Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандары.
         “Миграциялык мунапыстын” алкагында РФнын чек арасынан чыгууда тоскоолдуктар келип чыкса, тезинен КРнын РФдагы Элчилигине, КРнын Миграция боюнча Мамлекеттик кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө, Екатеринбург шаарындагы КРнын Башкы консулдугунда, Новосибирск шаарындагы КРнын Вице-консулдугунда, Россиянын Владивосток, Красноярск жана Санкт-Петербург шаарларындагы Элчиликтин бөлүмдөрүндө ошондой эле РФнын Санкт-Петербург, Краснодар, Хабаровск, Оренбург жана Воронеж, Томск, Южно-Сахалинск жана Башкортастан Республикасы менен Уфа шаарында Ардактуу консулдарында кайрылуу керек.
         Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,
         КРнын РФдагы Элчилиги ушундай эле жеңилдик россия тарабынан 2015-жылы да берилгендигин, көптөгөн жарандарыбыз бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай калышкандыгын белгилейт.
         Ушуга байланыштуу, бул маалыматты бардык жакын туугандар, тааныштар арасында жарыялоого чакырат.
         Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, бул “миграциялык мунапыс” бир эле жолу кыска мөөнөткө бериле турган жеңилди. Ушуга байланыштуу, РФнын аймагында иштеп жаткан КРнын эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан  чараларды эске алуу менен, Сиздердин көңүлүңүздөрдү мындан ары да Россия Федерациясынын аймагында туруу эрежелерин туура сактоо зарыл экендигин бурабыз.